Иракта ДЕАШ кол салды
Кол салууда 3 киши каза болуп 5 киши жараланды.
![Иракта ДЕАШ кол салды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/93bc/884d/db27/5e90171cc4f74.jpg?time=1719083707)
Иракта ДЕАШ террордук уюм тарабынан жасалган кол салууда 3 киши каза тапты.
Тузхурмату полиция директору Хүсейин Али террордук уюм ДЕАШ террористтеринин Тузхурмату районунун түндүк батышындагы Хилеве аскердик аэропортунун жакындарында Хашди Шабиге кол салгандыгын айтты.
Террордук уюмДЕАШ террористтеринин унаадан Хашди Шабиге таандык көзөмөлдөө пунктуна ок атышкандарын билдирген Али кол салууда 3 кишинин каза болуп 5 кишинин да жаралангандыгын билдирди.
Кол салууда каза болгон жана жаралангандардын Хашди Шабиге караштуу экендерин айткан Али окуядан кийин аймакта операциянын баштатылгандыгын белгиледи.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719083708)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719083708)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.