Россиянын Су - 27 аскердик учагы кырсыкка учурады
Россияга таандык бир Су - 27 аскердик учак Кара деңизде кырсыкка учурады.
Россияга таандык бир Су - 27 аскердик учак Кара деңизде кырсыкка учурады.
Россиянын коргоо министрлигинен берилген маалыматта жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:10до Кара деңиз аркылуу Крымдан 50 километр жакындарында Су – 27 аскердик учактын пландуу учуу учурунда радардан жоголуп кеткендиги, бир минутадан кийин аймактан чукул абал белгисинин келгендиги билдирилди.
Түштүк аскердик аймагынан топтор издөө – куткаруу иштери үчүн аймакка жиберилгендиги билдирилген маалыматта : «Алгачкы маалыматтарга караганда учак деңизге түштү. Учкучту издөө иши начар аба шарттарынан улам кыйынчылыкка учурап жатат»,- деп билдирилди.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.