Дүйнө жүзүнө чеңгелин сайган коронавирус

Италияда каза тапкандардын саны кечээ 793кө көбөйүп жалпы 4 миң 825ке жеткендиктен эң көп өлүм катталган өлкө болду.

1382854
Дүйнө жүзүнө чеңгелин сайган коронавирус

Декабрь айында пайда болгондон бери дүйнөдө жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) аныкталган киши саны 280 миңге чукулдады, каза болгондордун саны 13 миңден ашты.

Коронавирустан Европада эң көп таасирленген Италияда каза тапкандардын саны кечээ 793кө көбөйүп жалпы 4 миң 825ке жеткендиктен эң көп өлүм катталган өлкө болду. Өлкөдө көчөгө чыкпоо эрежелерине баш ийилбеген аймактарда жергиликтүү башкаруулар, борбордук өкмөттүн мүмкүн болгон бардык жерди жабуусун талап кылууда.

Италиянын премьер-министри Жусеппе Конте, өлкөсүндөгү жаңы типтеги коронавирус эпидемиясынын себебинен стратегиялык жана керектүү болбогон бардык өндүрүштөрдү жабуу чечимин чыгаргандарын жарыялады. Вирусту жуктургандардын саны 50 миңден ашты, айыккандардын саны болсо 4 миң 440ка жетти.

Испанияда акыркы 24 саатта коронавирустун себебинен 394 киши каза таап, каза болгондордун жалпы саны 1720га жогорулады

Францияда вирустан каза тапкандардын саны 112 кишиге көбөйүп 562ге,дарыланып жаткандардын саны 1525ке жетти.

93 киши каза болгону белгиленген Германияда болсо вируска каршы көрүлгөн чаралар темасында эң тартиптүү Европа өлкөсү катары көңүлдү бурууда.

Бельгияда Ковид-19ду жуктуруп алгандардын саны 586га көбөйүп 3401 кишиге жетти. Эпидемиядан каза болгондордун саны 75ке жогорулаган өлкөнүн жалпысында ооруканаларда 1380 киши дарыланып жатат. Булардан 290 киши реанимацияда. Ушул убакка чейин айыгып чыккан киши саны 340.

Европа Биримдигиин Комиссия башчысы Урсула фон дер Ляйен, улуттук өкмөттөрдүн коронавирус менен (Ковид-19) күрөшүүсүнүн алкагында көргөн чара көрүүлөрүнүн транспорт кыйынчылыгына алып келип адамдарды жана товар өткөрүүнү кыйын абалга түшүргөнүн белгилеп өттү.

Абалды жакындан байкаганын баяндаган Фон дер Ляйен: «Бир топ европалык үйлөрүнө кете албай турат. Товар, азык-түлүк жана дары-дармек ташыган жүк унааларына тоскоолдуктар болуп жатат. Айрым чек араларда оңолуу көрүнүүдө, бирок тыгыз транспорт тыгыны уланууда. Маселелерди чечиш үчүн өкмөттөр менен байланыштарыбыз уланууда»,-деп айтты.

Германия жана Нидерландия жаңы типтеги коронавирус эпидемиясынын себебинен санааркап жаткан мусулмандардын көңүлүн көтөрүү максатында белгилүү мечиттерде, айрым убактарда үн чыгаргычтардан азан чакырылышына уруксат берилди.

33 киши көз жумганы катталган Англияда болсо 65 миң мурдагы саламаттык сактоо кызматкерлери кызматка чакыртылды.

Австриянын Саламаттык сактоо министрлиги жуктуруп алгандардын санынын 3026га жогорулаганын, каза тапкандардын санынын 9га жеткенин жарыялады. Өлкөнүн Ворарлберг провинциясында эки аймак карантинге алынды.

Польшанын саламаттык сактоо министрлиги ооруну жуктуруп алгандардын санынын 547ге жеткенин жарыялады.

Чехияда болсо 124 жаңы жуктуруп алган аныкталып жалпы бейтап саны 1047ге жогорулады.

Румынияда өкмөт бүгүн коронавирустун себебинен өлкөдөгү алгачкы өлүм катталганын жарыялады. Ушул убакка дейре 367 коронавирусту жуктуруп алган катталган өлкөдө 16-мартта өзгөчө кырдаал жарыяланган болчу.

Балкан өлкөсү Босния-герцеговинада жаңы типтеги коронавирустун себебинен алгачкы өлүм катталды. Босния-Герцеговинада жуктуруп алгандардын саны 94кө жетсе, Серб Республикасында жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00-05:00 аралыгында көчөгө чыкпоо чечими чыгарылды.

Косовада жаңы типтеги коронавирустун себебинен алгач ирет бир киши каза тапты.

Өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Подуйева шаарынын Думника районунда Ковид-19 диагнозу коюлган 82 жаштагы бир киши бүгүн эртең менен көз жумду.

Сербияда коронавирустан каза тапкандардын саны 2ге жогорулап, жуктуруп алгандардын саны 188ге жогорулады.

Хорватияда жуктуруп алгандардын саны 253кө жогорулады.

Албанияда бүгүн түн жарымынан тарта жергиликтүү убакыт боюнча саат 21:00-06:00 аралыгында көчөгө чыгууга тыюу салуу ишке ашырылат. Өлкөдөгү жуктуруп алгандардын саны 89 деп жарыяланды.

Түндүк македонияда бүгүн түндөн тарта саат 21:00-06:00 аралыгында көчөгө чыгууга тыюу салынат. Өлкөдөгү бейтап саны 85 деп жарыяланды.

Болгарияда болсо акыркы 24 саатта 29 жаңы бейтап катталды, жалпы жуктуруп алгандардын саны 171ге жетти.

Бир тараптан вирус жуккандарлын саны Словенияда 383, Словакияда 178, Венгрияда 131ге жетти.

Кипрдин Рум бөлүгүндө жаңы типтеги коронавирустун себебинен алгачкы өлүм катталды,  жуктуруп алгандардын саны 84кө жетти.

АКШда ылдам жайылып бараткан жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 260ка, жуктуруп алгандардын саны 19624кө жетти.

Вице-президент Майк Пенстин кеңсесинде иштеген бир кишиде Ковид-19 аныкталышынан кийин, коронавирус тестин кылдырып «негатив» болуп чыкты.

7 киши каза тапкан жана 1098 кишиде аныкталган Австралияда премьер-министр Скотт Моррисон, Ковид-19дун жайылуусуна бөгөт коюш үчүн өлкө ичиндеги мажбурдуулугу болбогон каттамдардын жоюлушун талап кылды.

Латын Америкада алгачкы жуктуруп алган киши аныкталган Бразиляда Ковид-19дун себебинен каза болгондордун саны 18ге, жуктуруп алгандардын саны 1025ке жетти.

Вирустан эң көп таасир алган жана өлкөнүн эң бай провинциясы Сао Паулодо карантин жарыяланды.

Боливияда да 19 кишиде табылган коронавирустун жайылуусун азайтуу үчүн карантин жарыяланды.

Чилиде Ковид-19дун себебинен алгачкы өлүм катталды, калкынын саны 18 миллиондон ашкан өлкөдө ушул убакка дейре 537 жуктуруп алган катталды.

Колумбияда Ковид-19дун себебинен бир киши каза болду, жуктуруп алгандардын саны 210 болду.

Бир тараптан Аргентинада Ковид-19дун себебинен дагы бир киши каза тапты жана өлкөдөгү жуктуруп алгандардын саны 537, каза болгондор 4 деп белгиленди.  Уругвайда 100, Парагвайда 18, Перуда 5и каза болгон жалпы 318, Эквадордо 7си каза болгон 506, Венесуэлада 42 деп билдирилди.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун (ДСУ) курч кырдаалдар программасынын башкы директору Майк Райан, вакцинанын эң аз бир жылга дейре табыла турганын айтты. Райан, вирустун орто жаштагыларга дагы оор таасир тийгизип жатканы боюнча эскертти.



Тектеш кабарлар