БУУ Идлибде зомбулуктун азайгандыгын билдирди

Президент Р. Т. Эрдоган менен Россиянын президенти В. Путиндин ортосунда 5 -мартта өткөрүлгөн жыйындан кийин Идлибде ок атышпоо тууралуу макулдашылган.

1378126
БУУ Идлибде зомбулуктун азайгандыгын билдирди

БУУнун гуманитардык иштер боюнча координация офисинин катчысы Йенс Ларе БУУнун Женева офисинде өткөргөн пресс- жыйынында : «Түркия менен Россиянын Идлиб чыңалууну азайтуу аймагында жарыялаган ок атышпоодон кийин абадан кол салуулардын да токтогондугу билдирилди. Алдыңкы фронтко жакын аймактарда да жеринен кеткендер азайды»,- деди.

Ларе бул абалдардын Идлибди «ишенимдүү бир жер» кылбагандыгын эскертип, Сирия жарандык согушунун онунчу жылында өлкөнүн түндүк батышынын азыр да тынчсыздантуучу аймак болуу өзгөчөлүгүн сактагандыгын айтты.

Буунун жылдын башынан бери аймакка 2600 фура гуманитардык жардам жибергенин белгилеген Ларе аймактагы жаран жана жарандык инфраструктура комплекстерин коргоого карата чакыруусун кайталады.

Президент Р. Т. Эрдоган менен Россиянын президенти В. Путиндин ортосунда 5 -мартта өткөрүлгөн жыйындан кийин Идлибде ок атышпоо тууралуу макулдашылган.



Тектеш кабарлар