Батыштыктардын жүрөгүнүн үшүн алган коронавирус...

Батыш өлкөлөрү коронавирустун запкысын чегип жатат.

1373555
Батыштыктардын жүрөгүнүн үшүн алган коронавирус...

Кытайда башталып жана кыска мөөнөттүн ичинде бир топ өлкөгө жайылган жаңы тип коронавирустун (Ковид-19) себебинен каза болгондордун саны АКШда 12ге, Францияда 7ге, Испанияда 3кө жетти.

Франциянын саламаттык сактоо министрлигинин жарыясына караганда Ковид-19дун себебинен каза болгондордун саны 7ге, оору жуккандардын саны 377ге жетти.

Ковид-19 Австрияда 40, Германияда 349 кишиде аныкталды.

Испанияда да жаңы тип коронавирус жуккандардын саны 68ге көбөйүп 261ге жетти. Өлкөдө кечээ 99 жаштагы бир аялдын көз жумушу менен коронавирустун себебинен каза тапкандардын саны 3кө жетти.

Англияда да бир кишинин коронавирустан каза тапканы жарыяланды жана ушундайча өлкөдө Ковид-19дан алгачкы өлүм катталды. Өлкөдө эпидемия жуккандардын саны 30га көбөйүп 115 болсо, жаңы жуккандардын 25нин борбор шаар Лондондо аныкталганы маалымдалды.

Швейцарияда дагы алгачкы жан жоготуу болду жана ооруну жугузуп алгандардын саны 111ге жетти.

Португалияда 9 коронавирус диагнозу коюлган бейтап аныкталганы жарыяланды. Айрыкча Португалиянын аба жолдору TAP, Ковид-19дун себебинен март жана апрель айларында миң каттамын жойгонун жарыялады.

Нидерландияда болсо Ковид-19дан алгачкы өлүм жарыяланып, бейтаптардын саны 38ден 82ге жогорулады.

НАТОнун Бельгиянын Монс шаарындагы Шериктеш күчтөрүнүн Европа жогорку штабында (SHAPE) иштеген бир киши жана үй-бүлөсүнүн 2 мүчөсүндө жаңы тип коронавирус (Ковид-19) белгиленди.

148 өлүм жана 3296 коронавирус бейтабы менен Европада эң опурталдуу өлкө Италия болсо, Ковид-19 вирусунун себебинен 2 киши каза болгон Австралияда бейтап саны 61ге, Жаңы Зеландияда 4кө, Словенияда 6га, Хорватияда 11ге жетти.

Ватикан жана Сербияда болсо алгачкы жаңы тип коронавирус жуктаргандар аныкталды.

Франциянын Страсбург шаарында алдыдагы аптада өткөрүлүшү пландалган Европа Парламентинин Башкы Ассамблеясынын жыйыны Ковид-19дун себебинен Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өтмөкчү.



Тектеш кабарлар