Коронавирус Батышта ылдам жайылып баратат
Итаияда кечээ дагы 27 киши эпидемиянын себебинен каза тапты.
Италияда дагы 27 кишинин каза болушу менен бирге Ковид-19 эпидемиясынын себебинен каза тапкандардын саны 79га жетти.
Европада коронавирус эң катуу таасир тийгизген өлкө болгон Италияда оору жуккандардын саны 2502ге жеткени жарыяланды.
АКШнын Вашингтон штатында жаңы тип коронавирустан (Ковид-19) каза болгондордун саны 9га жетти.
Коронавирус жуктуруп алган 51 киши аныкталган Англияда өкмөт иш-чара планын жарыялады.
Алдыңкы планынын вирустун токтотулушу болгонун белгилеген иш-чара планында, эпидемия жайылган учурунда ооруканаларда шашылыш болбогон дарылоолордун кийинкиге жылдырыла турганы, пенсиядагы медайым жана доктурлардын жардам үчүн кызматка чакырыла ал турганы, мектептердин жабылышынын, кеңири таасирлеринин азайтылышынын жана үйлөрдөн иштөөсүнүн дагы карала турганы белгиленди.
Аргентинада болсо жаңы тип коронавирусту жуктурган алгачкы киши белгиленди.
Саламаттык сактоо министри Джинес Гонсалес Гарсия, 1-мартта Италиядан кайткан 43 жаштагы бир Аргентина жаранында вирус кездешилгенин айтты.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.