Ирандын президенти: «Коронавирус чакырылбаган конок сыяктуу келди»

Рухани коронавируска байланыштуу маалымат берди.

1366091
Ирандын президенти: «Коронавирус чакырылбаган конок сыяктуу келди»

Ирандын президенти Хасан Рухани өлкөсүндө бир канча адамдын каза болушуна себеп болгон жаңы типтеги коронавирусту «чакырылбаган конокко» окшоштурду.

Рухани борбор шаар Тегеран менен өлкөнүн түндүгүнүн ортосунда салынган авто жолдун ачылыш аземиндеги сөз сүйлөөсүндө коронавируска байланыштуу маалымат берди.

Элдин коркууга кабылбашын жана Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна жараша кыймыл кылуусун талап кылган Рухани: «Корона, influenza Bдан дагы да коркунучтуу эмес. Биз аны ашып өттүк, коронанын да ашып өтөбүз. Коронавирус чакырылбаган конок сыяктуу келди жана бардык өлкөлөргө жайылды»,- деди.



Тектеш кабарлар