Трамп-Макрон сүйлөшүүсү

Эки лидер телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрүштү.

1362986
Трамп-Макрон сүйлөшүүсү

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Франциянын президенти Эммануэль Макрон, НАТОнун мааниси жөнүндө телефон сүйлөшүүсүн өткөрүштү.

Ак үйдүн басма сөз катчысынын орун басары Жадд Дир жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Трамп менен Макрондун шейшемби күнү телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөндөрүн белгиледи.

Сүйлөшүүдө эки тараптуу маселелердин каралгандыгын баса белгилеген Дир билдирүүсүндө: «Эки лидер НАТОнун мааниси менен катар Франция жана АКШнын Сахелде жүргүзүп жаткан террор менен күрөшүү аракеттерин да талкуулашты»,-деди.



Тектеш кабарлар