Пентагондун билдирүүсү

Хоффман: «Эл аралык коомчулук Сирия режимине кысым көрсөтүүсү керек»

1363094
Пентагондун билдирүүсү

АКШнын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Жонатан Хоффман, эл аралык коомчулуктун кол салууларды токтотуусу үчүн Сирия режимине кысым көрсөтүүсү керектигин айтты.

Хоффман АКШнын башкы штабынын катчысы контр-адмирал Уильям Д. Бирн менен Пентагондо биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

Идлибдеги акыркы кырдаал жөнүндөгү суроого жооп берген Хоффман, Пентагондун Сирия темасындагы мамилесинин өзгөрбөгөндүгүн жана Сирия маселесинин саясий жолдор менен чечилүүсү керектигине ишенгендерин айтты.

Хоффман мындайча улантты: «Асаддын өз элине кол салуусун улантып жатканын көрүп жатабыз. Идлибдеги кол салууларын көрүп жатабыз. Орустар менен түрктөрдүн бул боюнча ири масштабдагы кагылышууга кирүүгө жакын экенин көрүп жатабыз. Мындан алыс туруу үчүн чечүүчү жол таба тургандарына ишенебиз. Эл аралык коомчулукту Сирияга Идлибдеги кол салууларын токтотуусу үчүн кысым көрсөтүүгө жана тынчтыкчыл чечүүчү жол табууга чакырабыз»,-деди.

 



Тектеш кабарлар