Карантинге алынган кемеде коронавирусту жуктургандардын саны көбөйүүдө

Жүргүнчү кемесинде дагы 99 кишиде вирус аныкталды.

1361128
Карантинге алынган кемеде коронавирусту жуктургандардын саны көбөйүүдө

Японияда жаңы типтеги коронавирус эпидемиясынын себебинен карантинге алынган жүргүнчү кемесинде дагы 99 кишиде вирус аныкталды.

Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүндө, Иокогама портунда 4-февралда карантинге алынган 3 миң 500ден ашуун киши болгон "Diamond Princess" аттуу жүргүнчү кемесинде Ковид-19 табылган кишилердин саны 454кө жеткени кабарланды.

Кемедеги 1 миң 723 кишини текшергендерин айткан министрлик булардан 454дө вирус аныкталганын билдирди.

Кемедеги карантинге алуунун 19-февралга чейин уланышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар