Иранда көчкү түштү

Ирандын Гилан аймагында катуу кар жаашы жана көчкүнүн болушу менен 7 киши каза болду.

1358075
Иранда көчкү түштү
iran kar.jpg
çığ.jpg

Ирандын Гилан аймагында катуу кар жаашы жана көчкүнүн болушу менен 7 киши каза болду.

Иран чукул жардам мекемесинин катчысы Мужтеба Халиди мамлекеттик телекөрсөтүүгө берген маалыматында Гилан аймагында катуу жааган кар аймакта күнүмдүк турмушка тескери таасирин тийгизгенин айтты.

Халиди : «Гилан аймагына караштуу Рудбар районунда көчкүнүн жүрүшү менен 5 киши каза болуп аймактын борборундагы Рештте болсо бир үйдүн чатыры кулап 2 киши каза болду»,- деди.

Аймакта 78 кишинин тайгактан жараланып ооруканаларга жаткырылгандыгы билдирилди.

Ирандын түндүк жана батыш аймактарындагы Гилан, Мазендеран, Эрдебил, Чыгыш Азербайжан, Батыш Азербайжан жана Күрдистан аймактарында бир жумадан бери катуу жааган кар күнүмдүк турмушка тескери таасирин тийгизүүдө.

Кээ бир аймактарда кардын калыңдыгы 6 метрден ашты жана бир топ жолдун унааларга жабылгандыгы белгиленди.

 

 



Тектеш кабарлар