Казакстандын Байконур космостук базасынан 34 спутник учурулду

One Webдин 34 спутнигин ташыган "Союз 2.1b" ракетасынын жергиликтүү убакыт боюнча саат 03:45те учурулгандыгы белгиленди.

1355232
Казакстандын Байконур космостук базасынан 34 спутник учурулду

Казакстандын Байконур космостук базасынан учурулган One Web глобалдык спутник группасына таандык 34 спутник орбитага жайгашрытылды.

Орусия федералдык космос агенттигинен берилген маалыматта One Webдин 34 спутнигин ташыган "Союз 2.1b" ракетасынын жергиликтүү убакыт боюнча саат 03:45те учурулгандыгы белгиленди.

Маалыматта спутниктердин ийгиликтүү учурулгандыгы белгиленип 34 спутниктин баары ийгиликтүү түрдө орбиталарына чыгарылгандыгы  билдирилди. Маалыматта One Webдин төмөн болгон орбита спутниктеринин жогорку ылдамдыктагы түздөн түз интернет байланыштары үчүн колдонулары билдирилди. One Webдин жер шарынын орбитасына 600дөн ашуун спутник жайгаштырууну пландагандыгы белгиленип : «Бул спутниктердин коммерциялык колдонулушу бул жылы башталат. One Web 2021 -  жылы бүткүл дүйнөдө үзгүлтүксүз интернет байланышына мүмкүнчүлүк түзүүнү пландап жатат»,- деп маалымдалды.

One Webдин башка спутниктеринин Байконур менен бирге Орусиянын Чыгыш Космостук Базасы менен Франциянын Гайана  космостук борборунан учурулушу күтүлүүдө.  



Тектеш кабарлар