Орусия Кытайдагы жарандарын эвакуациялады
Орусия жаңы тип коронавирус чыккан Кытайдын Ухань шаарынан Орусия жана КМШга мүчө кээ бир өлкөлөрдүн жарандарын эвакуациялады.
![Орусия Кытайдагы жарандарын эвакуациялады](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/78ff/e502/6c94/5e3a99a61cf02.jpg?time=1719103663)
Орусия жаңы тип коронавирус чыккан Кытайдын Ухань шаарынан Орусия жана КМШга мүчө кээ бир өлкөлөрдүн жарандарын эвакуациялады.
Орусиянын коргоо министрлигинен берилген маалыматта 144 кишинин Ухань шарынан эки учак менен Орусияга алып барылгандыгы билдирилди. Бул 144 кишиден 128зи орусия жараны.
Эвакуациялангандарда азырынча вирустун болбогондугу бирок алдына алуу максатында Тюмень шаарындагы саламаттык сактоо борборунда эки жума карантинде болору белгиленди.
Вице - премьер - министр Татьяна Голикова андан мурда Тюмень жана Сибирдин түштүгүндөгү Трансбайкал аймагында 2 Кытай жаранынан жаңы тип коронавирустун чыккандыгын жарыялаган.
Орусия вирустан улам Кытай менен чек арасын жабуу, Кытай жарандарына карата электрондук визаны убактылуу токтотуу чечимин чыгарган. Кээ бир орус фирмалары да Кытайга карата учак жана поезд каттамдарына чектөө алып келген.
Орусиянын премьер - министри Михаил Мушистин кол койгон чечим боюнча Кытай менен визасыз саякат жана Кытай жарандарына карата иш алып баруу визасы да убактылуу токтотулган.
Орусия Кытай менен темир жол транспортун 3 - февралдан баштап убактылуу мөөнөт менен токтотуу чечимин чыгарган.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719103664)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719103664)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.