Испанияда карантинге алынган жүргүнчү кемеде 10 кишиден коронавирус чыкты
Кытайда жаңы тип коронавирустан улам каза болгондордун саны 491ге жетти.
Японияда Кытайдын Ухань шаарында чыккан жаңы тип коронавирустан улам карантинге алынган жүргүнчү кемесинде 10 кишиде вирус аныкталды.
Япониянын саламаттык сактоо министри Катсунобу Като өткөргөн пресс - жыйынында Йокохама портунда кечээ карантинге алынган 3711 киши болгон жүргүнчү кемесиндеги 10 кишиден жаңы тип коронавирустун аныкталгандыгын билдирди.
Жаштары 50 – 80 болгон 10 жүргүнчүнүн ооруканада дарыланып жаткандыгын белгилеген Като вирустун жайылышына тоскоол болуу үчүн керек болгон чараларды көрүүнү улантышарын айтты.
Япониянын борбор шаары Токио жакынындагы Йокохама портуна барган жүргүнчү кемеси андан мурда кемеде саякатка чыккан гонконгдук бир жүргүнчүдө коронавирустун чыгышынан кийин кечээ карантинге алынган.
Кытайда жаңы тип коронавирустан улам каза болгондордун саны 491ге, виурстун бар экендиги такталгандардын саны 24324 жогорулады. Бул күнгө чейин Кытайдан башка Филиппиндерде бир киши коронавирустан каза болду.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.