Мадагаскарда сел жүрдү

Селде 32 киши каза болду.

1349429
Мадагаскарда сел жүрдү

Мадагаскардын түндүк – батышында катуу жааган жамгыр  жол ачкан селде 32 киши каза болду.

Улуттук басма сөздө орун алган кабарга караганда Маровоай шаарында өткөн жумадан бери катуу жаап жаткан жамгыр себеп болгон селде 10 киши каза болуп, 16 миңге жакын киши жерлеринен кеткен.

Мадагаскар ички иштер министрлигинен берилген маалыматта селден жабыр тарткандарга гуманитардык жардам жибериле баштагандыгы билдирилди.

 



Тектеш кабарлар