Ирандын АКШны коркутуулары уланып жатат

АКШ-Иран тирешүүсү күчөп баратат.

1336638
Ирандын АКШны коркутуулары уланып жатат

Ирандын Ирактагы Америка базаларына кол салуусунан кийин Ирандын диний лидери Али Хаманейдин офисинен жарыяланган билдирүүдө: «Бул ракеталык кол салуулар Ирандын эң жөнөкөй каршылык сценарийи эле» деген сөздөргө орун берилди.

Президент Хасан Руханин кеңешчилеринен Хүсаметтин Ашена болсо: «АКШнын бизге каршы аскердик кыймылы, аймакта жалпы согушка себеп болот»,-деди.

Тышкы иштер министри Мухаммед Жевад Зариф да, Ирандын жарандарына карай кол салууларга каршы өздөрүн коргоо үчүн БУУнун келишиминин 51-беренесинин алкагында жооп кайтарылгандыгын айтты.

Зариф социалдык медиа баракчасынан: «Биз чыңалуу же согушту каалабайбыз, бирок кандайдыр бир кол салуу болсо буга каршы өзүбүздү коргойбуз»,-деди.

Ирандын башкы штабынын төрагасы Мухаммед Бакыри да жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, АКШнын Ирактагы базаларына кол салуунун, Сүлейманинин өлтүрүлүшүнө жооп кайтаруу иретинде Ирандын куралдуу күчтөрүнүн күчтүүлүгүнүн кичинекей көрсөткүчү экенин бегилеп: «АКШнын ар түрдүү жаңы кадамына каршы дагы да кыйратуучу жана так жооп кайтарабыз»,-деп айтты.

Төңкөрүшчүл гвардиянын армиясы, генерал Касым Сүлейманини жума күнү абадан кол салууда өлтүргөн АКШга каршы Ирактагы 2 базасын бутага алып, 80 АКШлыктын өлтүрүлгөндүгүн билдирген эле.



Тектеш кабарлар