АКШнын Багдаддагы Элчилигинин жанына ракета атылды
Багдаддагы АКШнын элчилигине жакын жерге жана Салахаддин провинциясында АКШнын аскерлери турган Белед аскердик базасына ракеталык кол салуу болду.
Ирактын борбор шаары Багдаддагы АКШнын Элчилигине жакын жерге жана Салахаддин провинциясында АКШнын аскерлери турган Белед аскердик базасына ракеталык кол салуу болду.
Ирактын коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда Багдаддын Жашыл аймагында орун алган АКШнын Багдаддагы Элчилигинин жанына 2 даана ракета атылды. Кол салуу ким тарабынан болгону жөнүндө маалымат берилген жок. Кол салуудан кийин АКШнын Элчилигинде эскертүү коңгуроосунун чертилгени да белгиленди.
Жашыл аймактын транспортко ачык турган каалгалары да коопсуздук күчтөрү тарабынан жабылды.
Бир тараптан Салахаддин провинциясында АКШ күчтөрү турган жана өлкөнүн эң чоң аскердик базасы болгон Белед базасына да ракеталык кол салуу болгону билдирилди.
Ак үйдүн Конгресске мыйзамдын алкагында керектүү болгон Касым Сүлейманинин өлтүрүлгөндүгү тууралуу маалыматтандыруу катын жөнөткөнү белгиленди.
«Согуш ыйгарым укугу» мыйзамынын алкагында сунушталган маалыматтандыруунун мазмуну жашыруун кармалууда.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.