Ливия Түркия Парламентинде кабыл алынган уруксат документине канагаттангандыгын билдирди

Ливиянын Мамлекеттик жогорку кеңеши кечээ Түркия Улуу Улуттук Жыйынында (ТУУЖ) кабыл алынган бул өлкөгө аскер жөнөтүлүшү тууралуу Президенттик уруксат документи боюнча жазуу түрүндө маалымат берди.

1333990
Ливия Түркия Парламентинде кабыл алынган уруксат документине канагаттангандыгын билдирди

Ливиянын Мамлекеттик жогорку кеңеши кечээ Түркия Улуу Улуттук Жыйынында (ТУУЖ) кабыл алынган бул өлкөгө аскер жөнөтүлүшү тууралуу Президенттик уруксат документин канагаттануу менен кабыл алды.

Кеңештин жазуу түрүндөгү жарыясында «мыйзамдуу башкарууга каршы өлкөдөгү төңкөрүшчүнү колдогон тышкы душмандар жана алардын согушкерлери менен күрөшүүнүн» аклагында эл аралык таанууга ээ болгон Улуттук ынтымакташтык өкмөтүнүн Түркияга жардам чакрыгын салганы эске салынып буларга орун берилди; «Согуш кылмышкери Хафтерге колдоо көрсөткөн Бириккен Араб Эмирликтери, Египет, Орусия жана Франция сыяктуу өлкөлөр элибизди кырып, азапка салып, кыйратууларды кылды. Бул абал бизди, элибизди жана жарандарды коргош үчүн Түрк досторубуздан мыйзамдуу түрдө колдоо талап кылууга түрткү болду. Түркия Парламентинде уруксат документинин кабыл алынышына канагаттануудабыз».

Жарыяда айрыкча Ливиянын чыгыш жагындагы төңкөрүшчүл генерал Халифе Хайтердин өлкөнү түшүргөн абал капа салганы баса белгиленди.

Ливиянын Мамлекеттик жогорку кеңеши өлкөдөгү жарандык согушту соңуна чыгаруу максаты менен БУУнун карамагында 2015-жылы 17-декабрда кол коюлган «Сухейрат» келишиминин алкагында түзүлгөн башкаруу жана кеңешүү уюму болуп саналат.

Өлкөнүн ар башка уруу, этникалык топ жана аймактарынан 145 мүчөсү болгон Мамлекеттик жогорку кеңешине Халид эл-Мишри жетекчилик кылууда.

Бул учурда, Улуттук ынтымакташтык өкмөтүнүн тышкы иштер министри Мухаммед эт-Тахир Сейяле да тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Сейяле телефондогу сүйлөшүүдө Чавушоглуна Түркиянын колдоосу жана ТУУЖда кабыл алынган Ливияга аскер жөнөтүлүшү тууралуу Президенттик уруксат документи үчүн ырахматын айтты.



Тектеш кабарлар