Иракта митингчилердин талабы боюнча жаңы шайлоо мыйзамы парламенттен өттү

Парламент төрагасы Мухаммед эл Халбуси, добушка салуудан мурда берген маалыматында долбоордун аянттагы митингчилердин талаптарына жооп бериш үчүн даярдалганын айтты.

1329316
Иракта митингчилердин талабы боюнча жаңы шайлоо мыйзамы парламенттен өттү

Иракта өкмөткө каршы митингдерде башкы талаптардын арасында көрсөтүлгөн жаңы шайлоо мыйзамы парламентте кабыл алынды.

Өлкөдө акыркы апталарда талаш туудурган жаңы шайлоо мыйзам долбоору Ирак парламентинде кечээ болгон оутурумда окулуп добушка салынды.

Отурумга парламенттеги 329 эл өкүлүнүн 148и катышты. Мыйзам долбоору бир добуштан кабыл алынды.

Парламент төрагасы Мухаммед эл Халбуси, добушка салуудан мурда берген маалыматында долбоордун аянттагы митингчилердин талаптарына жооп бериш үчүн даярдалганын айтты.

Ирактык саясий серепчилер парламенттен өткөн жаңы мыйзам долбоорунун митингчилердин талаптары менен дал келгенин айтууда. Шайлоо мыйзамынын президент Берхем Салих тарабынан бекитилген учурунда, кезек жаңы көз карандысыз шайлоо комиссиясынын түзүлүүсүнө өтөт.

Иракта 1-октябрдан бери уланган өкмөткө каршы митингдердин себебинен премьер-министр Адил Абдулмехди, 29-ноябрда кызматынан алынды.

Убактылуу өкмөттүн түзүлүүсү менен алектенген Иракта, шиит басымдуулук кылган жана Иранга жакын Бина коалициясы премьер-министрликке талапкер катары Жогорку билим берүү министри Кусай эс-Сүхейлди сунуштаган.

Ушул боюнча Багдад баш болгон шиит калкы көп жашаган түштүк шаарларында Сүхейлдин талапкерлигине каршы митингдер өткөрүлгөн.

 



Тектеш кабарлар