Индияда он миңдеген киши катышкан нааразылык акциялары уланууда
Индиянын басма сөзүнө караганда кечээ өлкөнүн түштүгүндөгү провинцияларда Атуулдук мыйзамына каршы он миңдеген киши катышкан нааразылык акциялары уюштурулду.
![Индияда он миңдеген киши катышкан нааразылык акциялары уланууда](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/f0fa/3e06/e34e/5e01b1328c57f.jpg?time=1719144064)
Индияда Пакистан, Ооганстан жана Бангладештен келген 6 диний топко атуулдук жолун ачкан, бирок ошондой эле абалдагы мусулман мигранттарды мунун тышында калтырган Атуулдук мыйзамына каршы митингдер уланууда.
Индиянын басма сөзүнө караганда кечээ өлкөнүн түштүгүндөгү провинцияларда Атуулдук мыйзамына каршы он миңдеген киши катышкан нааразылык акциялары уюштурулду.
Карнатака провинциясынын борбор шаары Бангалордогу митингдерде Атуулдук мыйзамындагы өзгөртүүлөргө жана Улуттук Атуулдук каттоолоруна каршы ураандарды чакырды.
Шаардын ар кайсы аймактарынан келип Куддус Сахеб Эдихан аянтында чогулган митингчилер, жарандык баш ийбөөчүлүккө чакырды.
Тамил Наду провинциясынын борбор шаары Ченнайдагы митингдер болсо Дравида өнүгүү федерациясы партиясынын (ДМК) жетекчилигинде миңдеген кишинин катышуусунда ишке ашты.
Дравида өнүгүү федерациясы партиясынын лидери Мутхувел Карунанидхи Сталин жана оппозициядагы Индиянын Улуттук конгрессинен мурдагы финансы министри жана парламент мүчөсү Паланиаппан Чидамбарам катышкан митингде өкмөткө каршы ураандар чакырылды.
Керала провинциясынын Кочи шаарындагы митингдерге да арасында башкаруучу жана актерлор да орун алган көп сандаган киши катышты.
Телангана провинциясынын Низамабад аймагында ар түрдүү уюмдар тарабынан уюштурулган мыйзамга каршы кыймылдарда болсо мыйзамдын чакыртылып алынышына карай талап коюлду.
Бир тараптан полиция кызматкерлери Уттар Прадеш провинциясында 19-21-декабрь күндөрүндөгү митингдерде каза болгон 16 кишиден 14нүн ок тийип жаракат алышынын себебинен каза тапканын жарыялады.
Атуулдук мыйзамындагы өзгөртүүгө каршы жалпы өлкөдө уюштурулган митингдерде митингчилер менен полициянын ортосунда болгон кагылышууларда 23 киши каза болгон болчу.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719144065)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719144065)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.