Трамп еврей шайлоочуларга: "Эч жакшы адам эмессиңер",- деди

АКШнын президенти еврейлердин көбүнчө Демократ партияга добуш бергендигин сынга алды.

1320867
Трамп  еврей шайлоочуларга: "Эч жакшы адам эмессиңер",- деди

АКШнын президенти Дональд Трамп Флоридада сүйлөгөн сөзүндө еврей  шайлоочуларга кайрылып : «Эч жакшы адам эмессиңер. Бирок мага добуш бергенге мажбурсуңар. Алар шайлана турган болсо 15 минутанын ичинде жумушсуз каласыңар»,- деди.

2020 – жылы боло турган  президенттик шайлоо үчүн митингдерди баштаган АКШнын президенти Дональд Трамп шайлоонун эң негизги аймактарынын бири болгон Флоридага барды.

Израиль - Америка Кеңеш саммитине катышкан Трамп америкалык еврейлерге кайрылып Израилдин эң жакын досумун деп : « Силерди абдан жакшы билемин. Силер аёсуз канкорсуңар. Эч жакшы адам мессиңер. Бирок мага добуш бергенге мажбурсуңар. Башка жолуңар жок. Покахонтас (Элизабет Уоррен) үчүн добуш бербейсиңер. Байлык салыгына добуш бербегиле. Кээ бириңер мени жактырбайсыңар. Мен да кээ бириңерди жактырбаймын. Ошентсе да менин эң чоң колдоочум болосуңар. Себеи алар жеңишке жете турган болсо 15 минутанын ичинде жумушсуз каласыңар. Ошондуктан буга көп убакыт өткөргөнгө мажбур эмесмин»,- деди.

Трамптын сөздөрү залда отургандардын күлүүсүнө жол ачты. АКШнын президенти еврейлердин көбүнчө Демократ партияга добуш бергендигин да сынга алды.

 



Тектеш кабарлар