Украинада митингчилер Зеленскийди эскертишти

«Кызыл сызыктар» аттуу митингдерге көп сандаган киши катышты.

1319983
Украинада митингчилер Зеленскийди эскертишти

Украина маселесин чечүү үчүн Германия, Франция, Орусия жана Украинанын лидерлеринин Нормандия форматындагы саммиттинин алдында борбор шаар Киевде нааразылык акциясы өткөрүлдү.

Өлкөдө оппозициядагы мурунку президент Петр Порошенконун «Европалык тилектештик» партиясы, мурунку премьер-министрлерден Юлия Тимошенконун «Ата Мекен» партиясы жана рок жылдызы Святослав Вакарчуктун «Голос» партиясы уюштурган митингдер Көз карандысыздык аянтында өткөрүлдү.

«Кызыл сызыктар» аттуу митингдерге борбор шаар Киевде оппоциячыл партиянын миңдеген мүчөсү катышты.

Митингчилер 9-декабрда өтө турган Нормандия лидерлер саммитинде Украинанын президенти Владимир Зеленскийден бирдиктүү мамлекеттик түзүлүштү бузбашын, өлкөнүн Батыш менен интеграциялык саясатын улантышын жана Крымдын аннекцияланышын жоюу жана кайра алынуусу темаларынан баш тартпашын талап кылышты.

Митингдер убагында кеңири коопсуздук чаралары көрүлдү.

Украина маселесин сүйлөшүү үчүн 9-декабрда Франциянын баш калаасы Парижде Греманиянын канцлери Ангела Меркель, Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Орусиянын президенти Владимир Путин жана Украинанын президенти Владимир Зеленский  Нормандия форматында чогулат.

Нормандия төрттүгү саммити акыркы жолу 2016-жылы Берлинде өткөрүлгөн болчу.



Тектеш кабарлар