АКШнын кезектеги төрагалык кызматы
АКШ кезектеги төрагалыгын Англиядан өткөрүп алды.
![АКШнын кезектеги төрагалык кызматы](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/00fd/85e8/34ed/5da01fc738c31.jpg?time=1719165320)
АКШ БУУнун Коопсуздук кеңешинин декабрь айындагы кезектеги төрагалыгын өткөрүп алды.
15 мүчөлүү БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнөн вето укугуна ээ болгон АКШ, декабрь айындагы кезектеги төрагалыгын Англиядан өткөрүп алды.
АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Келли Крафт журналисттерге берген маалыматында, БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн 5-декабрь бейшемби күнү Ак үйдө АКШнын президент Дональд Трамп менен түшкү тамакта жолугуша тургандарын айтты.
БУУнун Коопсуздук кеңеши, 13-декабрда Крафттын чакыруусу боюнча Кентукки штатына да сапар жасайт.
АКШнын кезектеги төрагалыгында БУУнун Коопсуздук кеңешинин, Ирандын атомдук программасын да карап чыгышы күтүлүүдө.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719165320)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719165320)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.