Иран Мехрам чек ара капкасын кайрадан жапты

Иран башкаруусу Иракта болуп жаткан өкмөткө каршы митингдерден улам Мехрам чек ара капкасын кайрадан жапты.

1314715
Иран Мехрам чек ара капкасын кайрадан жапты

Иран башкаруусу Иракта болуп жаткан өкмөткө каршы митингдерден улам Мехрам чек ара капкасын кайрадан жапты.

Иран мамлекеттик телекөрсөтүүсүнүн кабарына караганда Мехрам чек ара капкасы жергиликтүү убакыт боюнча саат 24:00дөн баштап Иран жарандарынын өтүшүнө жабылды. Чет өлкө жарандарынын  чек арадан өтө алары белгиленди.

Тегеран башкаруусу Ирактагы өкмөткө каршы митингдерден улам 30 -  октябрда Мехрам чек ара капкасынын жабылгандыгын, 25 -  ноябрда болсо кайрадан ачылгандыгын жарыялаган. Иран өзгөчө Иракта митингдердин башталышынан кийин Кирманшах аймагына караштуу Хүсреви менен Хузистан аймагына караштуу Жеззабе чек ара капкаларын 3 -  октябрда жапкан, үч күндөн кийин кайра ачкан.

Ирактын борбор шаары Багдат менен ортоңку жана түштүк шаарларында 1 -  октябрдан бери жумушсуздук, коррупция жана коомдук тейлөөнүн жетерсиздигине каршы чыгуу максатында митингдер өткөрүлүүдө.

 



Тектеш кабарлар