Сириянын Конституция комитетинин жыйналышы режимдин айынан башталбай жатат

Кечээ оппозициячылдар толук курамы менен БУУга келгенине карабастан, режимдин макулдашкыс мамилесинин себебинен жыйналыштар башталбай калды.

1313913
Сириянын Конституция комитетинин жыйналышы режимдин айынан башталбай жатат

Швейцариядагы БУУнун Женева кеңсесинде дүйшөмбү күнү башталышы көздөлгөн Сириянын Конституция комитетинин 45 кишилик жазуу кеңешинин жыйналыштарына Башар Асад режимин өкүлдүк кылган делегациянын күн тартиптен тышкары темаларды сунуштап өжөрдөнүүсүнүн айынан баштала албай жатат.

Кечээ оппозициячылдар толук курамы менен БУУга келгенине карабастан, режимдин макулдашкыс мамилесинин себебинен жыйналыштар башталбай калды.

Сириянын Конституция комитетинин оппозициячыл тең төрагасы Хади эль-Бахра, журналисттерге берген маалыматында режимдин Комитеттин күн тартибине байланыштуу бир гана сунушу болгонун, бул сунуштун конституциянын негизги планы менен тиешеси болгонун баса белгиледи.

Режимди көндүрүш үчүн өздөрүнүн болсо 3 башка долбоорду сунуштаганын белгилеген Бахра, булардын барыгы тең четке кагылганын билдирди.

Бахра, режимдин даярдала турган жаңы Сирия конституциясы тууралуу алып келе турган ар бир сунушун сүйлөшүүгө даяр болгондорун билдирип, «Биз жактан алып карай турган болсок, биз баш мыйзамга тиешелүү темаларды сүйлөшүү үчүн бул жерге келдик, бирок режим баш мыйзамга тиешелүү темаларды сүйлөшүүнү кабыл албай жатат»,-деп айтты.

Режимге эртең БУУнун Женева кеңсесинде биргелешкен жыйналышка катышуу чакырыгын салган Бахра, өлкөсүндөгү кризисти соңуна чыгаруу жана адилеттиктин камсыздалышы үчүн оппозициячылдар катары бардык аракетти жумшоону уланта тургандарын айтты.

Комитеттин режим тараптан тең төрагасы Ахмед Кузбари болсо сунуштаган сунушунун, «Терроризм менен күрөшүү, санкцияардын жоюлушу жана «Тынчтык булагы» операциясынан улам Түркиянын айыпталышын» камтыганын белгилеп өттү.

Кузбари суроого жооп бербестен БУУдан чыгып кетти.



Тектеш кабарлар