Террористтер бомбалуу унааны жардырып жиберишти

Түркиянын Улуттук коргоо министрлиги Твиттер баракчасынан кол салууга байланыштуу маалымат берди.

1313121
Террористтер бомбалуу унааны жардырып жиберишти

Сириянын Рас-эль-Айн районунун Тель-Халеф айылында жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККнын бомбалуу унаа менен ишке ашырган кол салуусунан 17 киши көз жумуп, 20дан ашуун киши жаракат алды.

Түркиянын Улуттук коргоо министрлиги Твиттер баракчасынан кол салууга байланыштуу маалымат берди.  

Маалыматта: «Террордук уюм ПКК/ЙПГ Евфраттын чыгышындагы күнөөсүз жарандарга карай бомбалуу унаа менен ишке ашырган кол салууларын улантып жатат. Канкор террористтер бул жолу Рас-эль-Айндын батышындагы Тель-Халеф айылында жардырып жиберишкен бомбалуу унаа менен 17 кишинин өмүрүн алышты, 20дан ашуун кишини да жаралады»,-делди.



Тектеш кабарлар