АКШлык миллиардер президенттикке талапкер болот

Блумберг: «Дональд Трампты жеңүү жана АКШны кайрадан куруу үчүн ат салышамын»

1311614
АКШлык миллиардер президенттикке талапкер болот

АКШда Нью-Йорктун мурунку мэри Майкл Блумберг, 2020-жылдагы президенттик шайлоо үчүн Демократиялык партиядан расмий түрдө өз талапкерлигин жарыялады.

Блумберг жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Дональд Трампты жеңүү жана АКШны кайрадан куруу үчүн АКШнын президенттиги үчүн ат салышамын»,-деди.

Трамптын «адеп-ахлаксыз жүрүм-турумдарын» дагы төрт жыл көтөрө албай тургандарын жактаган Блумберг: «Трамп өлкөбүзгө жана баалуулуктарыбызга карата коркунуч болуп саналат. Эгерде дагы бир мезгил шайлоону жеңсе, себеп болгон зыяндарынын ордун толтура албай калышыбыз мүмкүн»,-деп айтты.

Орто эсеп менен 36 миллиард долларлык байлыгы менен дүйнөдөгү эң бай адамдардын бири болгон 77 жаштагы Блумберг, 2003-жылдан 2013-жылга чейин Нью-Йорктун шаар башчылык кызматын жүргүзгөн болчу.

АКШда 2020-жылдын 3-ноябрында өтө турган президенттик шайлоо үчүн Демократиялык партиядан тышкары дагы 17 талапкер ат салышат.

Сурамжылоого караганда Барак Обама мезгилинде вице-президент болгон Жо Байден алдыда баратат.



Тектеш кабарлар