В. Путин : "Советтер союзу түшүмсүз экономикалык саясаттан улам кулады"

Орусиянын президенти В. Путин Москвада өткөн «Россия чакырууда» деп аталган форумда сүйлөгөн сөзүндө Россия экономикасына байланыштуу баа берди.

1309732
В. Путин : "Советтер союзу  түшүмсүз экономикалык саясаттан улам кулады"

Орусиянын президенти В. Путин советтер союзунун Балтика өлкөлөрүндө күч алган улутчулдуктун айынан эмес, түшүмсүз экономикалык саясаттын айынан кулагандыгын айтты. Путин борбор шаар Москвада өткөн «Россия чакырууда» деп аталган форумда сүйлөгөн сөзүндө Россия экономикасына байланыштуу баа берди.

Калктын реалдуу кирешелериндеги  өсүүнүн экономикалык өнүгүүнүн орчундуу көрсөткүчтөрүнүн бири экендигин белгилеген Путин : «Россияда айлык маяналар өсүүдө. Бул билинген чындык. Бирок калктын керектей ала турган реалдуу кирешелери рецессия ичинде. Муну өзгөртүшүбүз керек»,- деди.

Узун мөөнөттүү жана улантууга боло турган өнүгүүнүн болушу үчүн демилгечиликтин жана жогорку сапаттуу жумуш менен камсыз кылуунун колдоого алынышы керектигин айткан Путин : «Россия өкмөтү  бул тууралуу милдеттендирилген. Россия Борбордук Банкы жана Россиядагы  иш дүйнөсү менен бул иштерди аткарат»,- деди.

Глобалдык экономиканын болсо соода согуштарынын айынан маселелерди жашап жаткандыгын айткан Путин : «Бирок саясий себептерден  ортого чыккан чектөөлөргө жана соода согуштарына карабастан глобалдык экономиканын рецессияга кирерин ойлоп жатам»,- деди.

Сөзүндө советтер союзунун кулашына кеткен процесс менен Европа Биримдигинде азыркы күндө болуп жаткан процесс салыштырылган бир суроого жооп берген Путин : «Советтер союзу Балтика өлкөлөрүндө күчөп жаткан улутчулдуктун айынан  таркаган жок. Биримдиктин таркашы советтер союзунун коомдук тармакта кулоого себеп болгон түшүмсүз экономикалык саясатына таянууда»,- деди.

 



Тектеш кабарлар