Кытай президенти күч колдонууну акырына чыгаруу тууралуу шаар башкаруусун колдошкондорун белгиледи

Кытайдын президенти Си Цзиньпин Гонконгдогу күч колдонууну акырына чыгаруу тууралуу шаар башкаруусун колдошкондорун белгиледи.

1307140

South China Morning Postтун кабарына караганда Кытайдын президенти Си Цзиньпин Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка Республикасы түзгөн BRICS группасынын саммитине катышты.

Кытайдын президенти Бразилиянын борбор шаары Бразилиядагы саммитте сөз сүйлөп өлкөсүнүн Гонконг башкаруусунун күч колдонуу окуяларын акырына чыгаруу үчүн мыйзамдуу жоопкерчилигин колдонушун колдогондугун айтты.

Си Цзиньпин «жапайы кылмышкерлер» деп мүнөздөгөн митингчилер баштаган күч колдонууну акырына чыгаруунун жана тартипти жаңыдан түзүүнүн Гонконг башкаруусунун чукул түрдө чечүүсү керек болгон маселе экендигин белгиледи.

«Гонконг полициясынын мыйзамдардын коргоого алышыны үчүн  таасирдүү кыймыл кылышын, сот системасынын кылмыш кылгандарды жазаландырышын күчтүү түрдө колдойбуз»,- деген  Си Цзиньпин Гонконгдогу күч колдонуу окуяларынын бир гана шаардын мыйзам жана ырааттуулугуна эле коркунуч туудурбастан «бир өлкө, бир система» башкаруу принцибине ачык түрдө каршы чыгуу экендигин белгиледи.

Тектеш кабарлар