Евробиримдик Түркияны түшүнүп турат

Европа комиссиясынын басма сөз катчысы Майя Коцийчанчич суроолорго жооп берди.

1283247
Евробиримдик Түркияны түшүнүп турат

Европа Биримдиги, Сириянын түндүгүнө пландалган операция тууралуу Түркиянын мыйзамдуу тынчсызданууларын түшүнгөндөрүн билдирди.

Европа комиссиясынын басма сөз катчысы Майя Коцийчанчич күнүмдүк маалымат жыйынында, темага байланыштуу суроолорго жооп берди.

Коцийчанчич: «Европа Биримдиги, Түркиянын мыйзамдуу тынчсызданууларын түшүнгөндүгү менен бирге эң башынан бери Сириядагы кризистин аскердик эмес саясий жолдор менен чечиле алаарын айтып келе жатат»,-деди.

Катчы Коцийчанчич, Европа Биримдигинин БУУнун саясий чечүүчү процессин жана Сириянын биримдигин, эгемендүүлүгүн, жеринин бүтүндүгүн колдогондугун баса белгиледи.

Ошондой эле Сирия темасынын келээрки жумада өтө турчу Тышкы иштер кеңешинде сүйлөшүлө турганын билдирди.



Тектеш кабарлар