Иран НАТОнун башкы катчысына каршылык көрсөттү
Аббас Мусеви НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенбергдин Иран тууралуу сөздөрүн «ички иштерине кийлигишүү» деп мүнөздөдү.
![Иран НАТОнун башкы катчысына каршылык көрсөттү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/ce4c/ec3b/9dbc/5d6794e5c1b97.jpg?time=1719067986)
Ирандын тышкы иштер министрлигинин катчысы Аббас Мусеви НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенбергдин Иран тууралуу маалыматтарына каршылык көрсөттү. Мусеви берген жазуу түрүндөгү маалыматында Столтенбергдин Иран тууралуу сөздөрүн «ички иштерине кийлигишүү» деп мүнөздөдү.
Чет элдиктердин аймактагы коопсуздук чаралары тууралуу түрдүү кийлигишүүсүнүн араздашуу жана ишенимсиздик фактору экендигин жактаган Мусеви : «Тышкы коопсуздук мекемелери менен күчтөрдүн Перс булуңунун тегерениндеги өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишүүсүн айыптайбыз»,- деди.
Ирандын көз карандысыз өлкөлөр сыяктуу коргонуу программаларынан пайдалануу укугунун бар экендигин белгилеген Мусеви өлкөсүнүн ракета программасынын коргонуу максатында экендигин ортого салды. Мусеви Жакынкы Чыгыштын коопсуздугунун чет элдик күчтөр болбостон аймак өлкөлөрү тарабынан түзүлүшү керектигин айтты.
Столтенберг өткөн жумадагы билдирүүсүндө : «Бардык НАТО мүчөлөрү Ирандын аймактагы ырааттуулукту бузуучу кыймылдарынан, бул өлкөнүн террордук топторго берген колдоосунан жана ракета программасынан тынчсызданууда»,- деген.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719067987)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719067987)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.