Ким Че Ын Кытайдын президентине куттуктоо жөнөттү

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Кытайдын президенти Си Цзиньпинге «дайыма жаныңыздардабыз» деген билдирүү жөнөттү.

1279750
Ким Че Ын Кытайдын президентине куттуктоо жөнөттү

 Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Кытай Эл Респубдликасынын курулушунун 70 жылдыгынан улам Кытайдын президенти Си Цзиньпинге «дайыма жаныңыздардабыз» деген билдирүү жөнөттү.

Түндүк Кореянын расмий маалымат агенттиги KCNAнын билдиргенине караганда Ким Цзиньпинге жиберген куттуктоосунда  аракетчил Кытай калкынын Кытай Коммунисттик партиясынын лидерлигинде 70 жылдан бери чечкиндүү күрөшкөндүгүн белгилеп : «Партиябыз, өкмөтүбүз жана калкыбыз Кытай Эл Республикасына, өкмөтүнө жана калкына өлкөнүн ырааттуулу менен негизги кызыкчылыктарын жактоо жана улантууга боло турган өнүгүүнү түзүү аракеттеринде толук колдоо берип, социализмди жактоо жана улуулатуу жолунда ар дайым жаныңыздарда болот»,- деди.

Ким Түндүк Корея менен Кытайдын ортосундагы достук жана кызматташуу карым  - катнаштарынын жаңы мезгилдин муктаждыктары жана эки өлкөнүн элдеринин каалоолорунун негизинде күн өткөн сайын дагы көп жанданып бара жатканына так түрдө ишенгендигин билдирди.



Тектеш кабарлар