Трамп саммит өтүп жаткан залга капыстан кирип барды

Трамптын залга капыстан кирип барганы таң калтырды.

1275190
Трамп саммит өтүп жаткан залга капыстан кирип барды

АКШнын президенти Дональд Трамптын Климаттык өзгөрүү боюнча саммит өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын залына капыстан кирип барышы таң калтырды.

Саммитке катышуусу күтүлбөгөн Трамп, БУУнун Башкы борборуна баргандан кийин Климаттык өзгөрүү боюнча саммит өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын залына кирди жана сөз сүйлөөлөрдү бираз угуп турду.

Глобалдык ысууну четке каккан Трамптын залга капыстан кирип барганы таң калтырды. Трамп кыска мөөнөттөн кийин залдан чыгып кетти.



Тектеш кабарлар