Сирия Конституциялык Комитети курулду

БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерреш Сирия Конституция Комитетинин түзүлгөндүгүн билдирди.

1274852
Сирия Конституциялык Комитети  курулду

БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерреш Сирия Конституция Комитетинин түзүлгөндүгүн билдирди.

Гутерреш БУУнун штаб квартирасында  журналисттер менен өткөргөн маегинде Сирияда режимдин жана оппозициячылдардын Конституциялык Комитет тууралуу келишкендерин билдирди.

Ишенимдүү, тең салмактуу жана кенен камтуучу бир комитеттин БУУнун текшерүүсүндө  Швейцариянын Женева шаарында кийинки жумаларда чогуларын айткан Гутерреш Конституциялык Комитеттин саясий процесстин башталышы болушу керектигин баса белгиледи.

Комитеттин түзүлүшү менен так кыймылдардын ишке ашырылышы керектигин белгилеген Гутерреш процесске салымын кошкон Түркия, Орусия жана Иранга ыракмат айтты.

 

 



Тектеш кабарлар