Йеменде бомба жарылды

Жарылууда төрт аскер каза болуп, алты аскер жараланды.

1273258
Йеменде бомба жарылды

 Йемендин Хадрамевт облусунда бир бомбанын жарылышы менен  Сауд Арабия армиясынан төрт аскер каза болуп, алты аскер жараланды. Каза болгон аскерлердин бирөөсүнүн полковник экендиги билдирилди.

Хадрамевттеги жергиликтүү башаруудан берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Хадрамевтин Шибам районуна караштуу Вади бин Али аймагында болгон жарылуу бир бомбаны таасирсиз абалга келтирүү учурунда чыкты.

Жарылууда Сауд Арабиянын жол башчылыгындагы коалицияда кызмат кылган саудиялык полковник Бендер бин Мезид Макбул ел  - Утейби менен үч аскер каза болуп, алты аскер жараланды. Маалыматта жарылууда каза болгон аскерлерден экөөсүнүн йемендик экендиги билдирилди.



Тектеш кабарлар