Козу карындан жасалган тамак простат рагын азайтышы мүмкүн
"Newsweekтин» кабарына караганда иликтөөчүлөр жумада эң аз үч жолу козу карын жеген эркектерде простат рагы рискин төмөндөтөрүн аныктады.
Козу карындын простат рагын азайтары билдирилди.
"Newsweekтин» кабарына караганда иликтөөчүлөр жумада эң аз үч жолу козу карын жеген эркектерде простат рагы рискин төмөндөтөрүн аныктады.
Японияда жүргүзүлгөн бир иликтөөдө жаштары 40 – 79 болгон 36 миң 499 эркек 13 жыл иликтөөгө алынды. Катышуучуларга тамактануу жана турмуштук стили тууралуу суроолор берилди.
Эмгек жумада эң аз үч жолу козу карын менен тамактангандардын простат рагы менен ооруу рискинин жумада бир жолу жегендерге караганда 17 пайыз дагы аз экендигин ортого салды.
Бул катнаштын жумада эки жолу козу карын жегендерде 8 пайыз дагы аз экендиги аныкталды. Ортодогу байланыштын 50 жана андан улуу жаштагы эркектерде дагы айкын болгондугу байкалды.
Эмгек "International Journal of Cancer" журналында жарыяланды.
Иликтөөчүлөр козу карын менен тамактануу менен простат рагынын ортосундагы бул байланыштын кээ бир козу карын түрлөрүнүн антиоксидант өзгөчөлүгүнөн чыгышы мүмкүн экендигине токтолушууда.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.