Жамму Кашмир маселеси сүйлөшүлдү

Имран Хан менен Салман телефон аркылуу байланышты.

1259025
Жамму Кашмир маселеси сүйлөшүлдү

 

Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман менен Пакистандын премьер-министри Имран Хан Кашмир темасын сүйлөшүштү.

Сауд Арабиянын SPA маалымат агенттигине караганда, Пакистандын премьер-министри Имран Хан Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы Салман менен телефон аркылуу байланышты.

Сүйлөшүүдө аймакта болуп жаткан кырдаал жана Пакистан менен Индиянын ортосундагы Кашмир маселесинин каралгандыгы билдирилди. Сүйлөшүүнүн мазмуну тууралуу кеңири маалымат берилген жок.

Кашмир маселесинин берки тарабын өкүлдүк кылган Индиянын премьер-министри Нарендра Моди да ишемби жана жекшемби күндөрү Бириккен Араб Эмирликтери менен Бахрейнге сапар жасаган эле.

Индия жарым кылымдан ашуун убакыттан бери Жамму Кашмирге өзгөчө ыйгарым укук берген конституциялык беренесин 5-августта жоюп, аймактын атайын макамын жокко чыгарган болчу.



Тектеш кабарлар