Түндүк Корея жаңы ракетасын сынады

Түштүк Кореянын армиясынын маалымдаганына караганда Түндүк Корея чыгыш жагында эки баллистикалык ракета сынады.

1253795
Түндүк Корея жаңы ракетасын сынады

Түштүк Корея, Түндүк Кореянын Чыгыш деңизине эки кыска аралыкка учуучу баллистикалык ракета атканын жарыялады.

Түштүк Кореянын армиясынын маалымдаганына караганда Түндүк Кореянын чыгыш жагында эки баллистикалык ракета сыноосун кылганы, 30 чакырым бийиктикке жеткен ракетанын 230 чакырым учкандан кийин Жапония менен Корея жарым аралынын ортосундагы Чыгыш деңизине түшкөнү белгиленди.

Жарыяда, Түндүк Кореянын ракета сыноосунун Түштүк Корея жана АКШ тарабынан жакын байкалганы жана ар түрдүү абалга даяр турганы айтылды.

Түштүк Кореянын мамлекет башчысы Мун Чже Индин бул тема тууралуу маалыматтандырылганы жана Пхеньян башкаруучулугунун аймакта чыңалууну күчөтүүчү кадамдарды таштоодон алыс турушу темасында эскертилгени маалымдалды.

Бүгүнкү сыноо Пхеньян башкаруучулугунун 25-июлдан бери жасаган алтынчы сыноосу болду.

Бир тараптан Жапониянын Коргоо министрлиги ракеталардын Жапон жээк суулары же өзгөчө экономикалык аймагына жетпегенин маалымдады.

Бул учурда Йонхап агенттигинин Түндүк Кореянын расмий KCNA агенттигине таяндырган кабарына караганда Түндүк Кореянын Түштүк Корея менен сүйлөшүүлөрдү улантууну ойлобогондугу жана сүйлөшүүлөрдүн Түштүк Корея менен АКШнын биргелешкен машыгуулары бүткөндөн кийин кайра баштала турганын ойлоо «түшүнүксүз» экенин белгиледи.

Пхеньян башкаруучулугу мындан мурда да Сеул башкаруучулугунун АКШ менен жүргүзгөн аскердик машыгуусу үчүн «ылайыктуу себеп» көрсөтмөйүнчө диалогдун улана албай турганын билдирген.



Тектеш кабарлар