Иранда учак кырсыкка учурады

Гермсар шаарында жеке менчик билим берүү учагынын кулап түшүшүнүн себебинен 2 киши каза тапты.

1252659
Иранда учак кырсыкка учурады

Ирандын Симнан провинциясына караштуу Гермсар шаарында жеке менчик билим берүү учагынын кулап түшүшүнүн себебинен 2 киши каза тапты.

Ирандын мамлекеттик телеканалында орун алган маалыматка караганда, бир кишиге таандык кичинекей билим берүү учагы жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дө Гермсар районундагы Эфлак Асяйи Эйванеки аэропортунун жакын жерине кулап түшкөн.

Учактагы 2 киши көз жумганы белгиленип, кырсыктын себеби тууралуу маалымат берилген жок.



Тектеш кабарлар