Ак чардактар тике кароодон таасирленишет
Ак чардактар боюнча атайын изилдөө жүргүзүлдү.
![Ак чардактар тике кароодон таасирленишет](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/54e6/36f7/3b28/5d4d16323b6a5.jpg?time=1719151742)
Ак чардактарды илип кеткен тамактардан алыстатуунун жолу бул куштардын көзүнө тике кароо менен боло тургандыгы билдирилди.
Англиянын ВВС телеканалынын маалыматына караганда Англиянын Exeter университетинин изилдөөчүлөрү, өзгөчө деңиз жээктериндеги адамдардын тамак-ашын чогуу жешкен ак чардактар боюнча атайын изилдөө жасашты.
Жерге бир баштык куурулган картошканы коюп ак чардактарга байкоо жүргүзгөн изилдөөчүлөр, көзүнө тике каралган жана каралбаган ак чардактардын куурулган картошкага жакындоо убактыларын эсептешти.
Изилдөө жүргүзүлгөн 27 ак чардактан 19нун көзүнө тике каралганда тамакка жакындоодон качышкан, ал эми көзүнө тике каралбаган учурда тамакка жакындаганы байкалган.
Изилдөөдө көз менен байланыш курулган ак чардактардын тамакка жакындоо убактысы орточо 21 секунддан ашыгыраак болгону аныкталды.
Изилдөөнүн жыйынтыктары Exeter университетинин интернет баракчасында жарыяланды.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719151743)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719151743)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.