Иран кармап алган кеме Иракка таандык

ИРНА агенттиги, Перс булуңунда кармалган кеменин Иракка таандык экендигин маалымдады.

1247851
Иран кармап алган кеме Иракка таандык

 

Күйүүчү май уурдап бараткандыгы себеби менен Ирандын Төңкөрүшчүл гвардия армиясы тарабынан Перс булуңунда кармалган кеменин Иракка таандык экендиги билдирилди.

Ирандын расмий ИРНА агенттиги, Перс булуңунда кармалган кеменин Иракка таандык экендигин маалымдады.

«Хита» аттуу кеменин Ирандан уурдап бараткан күйүүчү майды Перс булуңунун айланасындагы араб өлкөлөрүнө ташыганы айтылууда.

Иранда аткезчилер, өлкөнүн субсидияланган күйүүчү май заттарын өлкөнүн тышына сатууга аракет кылышууда.

Бир тараптан Ирактын Мунай министрлиги, кармалган кеменин өздөрүнө таандык экендиги жөнүндөгү айтымдарды төгүнгө чыгарды.



Тектеш кабарлар