Дональд Трамп улуттук чалгындоо директорлугуна талапкерин көрсөттү

Улуттук чалгындоо директорлугуна Жон Рэтклифф талапкер көрсөтүлдү.

1244178
Дональд Трамп улуттук чалгындоо директорлугуна талапкерин көрсөттү

АКШнын президенти Дональд Трамп республикачыл Конгресс мүчөсү Жон Рэтклиффти улуттук чалгындоо директорлугуна талапкер көрсөттү.

Дональд Трамп твиттерден берген маалыматта Тексас депутаты жана мурунку прокурор республикачыл Конгресс мүчөсү Жон Рэтклиффти чалгындоо мекемесинин директорлугуна алып келерин жарыялады.

Дональд Трамп азыр да улуттук чалгындоо директорлугу кызматын улантып жаткан Дан Коатстын 15 -  августта кызматынан кетерин, Коатска кылган кызматынан улам ыракмат айткандыгын, анын ордуна өкүл катары келе турган ысымдын кыска убакытта билдирилерин белгиледи.

Трамптын талапкери Рэтклиффтин бул кызматка келиши үчүн сенаттан өтүшү керек.



Тектеш кабарлар