Орусия Кытайга С-400дөрдү тапшырууну улантып жатат

Тапшыруу ишинин экинчи этабы башталды.

1241643
Орусия Кытайга С-400дөрдү тапшырууну улантып жатат

 

Орусия Кытайга карай С-400 абадан коргонуу системасын тапшыруу ишинин экинчи этабын баштады.

ТАСС агенттигинин аскердик-дипломатиялык буктардан алып берген кабарына караганда, тапшыруу иши Санкт-Петербургга жакын жердеги Усть-Луга портунан деңиз аркылуу жүрүп жатат.

Маалыматта, системаларды ташуунун Түркиядагыдай келишимде белгиленгенден дагы ылдам ишке ашып жаткандыгы билдирилди.

Кытай Орусия менен 2014-жылы кол койгон келишимдин негизинде С-400 абадан коргонуу системаларынын алгачкы чет элдик кардары болгон эле.

Системаларды ташуу ишинин биринчи этабы өткөн жылы аяктаган.



Тектеш кабарлар