Словения Италия чек арасына аскер жиберет
Өлкөнүн түштүк-батыш чек арасында качкындардын саны көбөйгөндүгү белгиленди.
Словения мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүүнүн алкагында Италия чек арасына 35 аскер жиберет.
Словения армиясынын билдирүүсүндө, өлкөнүн түштүк-батыш чек арасында өткөн жумаларда качкындардын саны көбөйгөндүгү белгиленди.
Италия чек арасындагы Копер шаарына жөнөтүлө турган 35 аскердин, мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүүдө чек ара полициясына жардамчы болоору баса белгиленген билдирүүдө, аскерлердин ушул алкакта армиянын көзөмөл аппараттарынан брондолгон унааларына чейин баардык техникаларын колдоно ала тургандары маалымдалды.
Словениянын Полиция кызматы да жума күнү токой аянтында жүргүзүлгөн операцияларда 122 качкындын кармалгандыгын кабарлады.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.