Орусияда учак кырсыгы

Кырсыкта эки учкуч каза болуп, жыйырма эки жүргүнчү жараланды.

1226075
Орусияда учак кырсыгы

Орусияга караштуу Бурятияда бир жүргүнчү учагы аэропортко чукул конуу учурунда аянттан чыгып, эки учкуч каза болуп, жыйырма эки жүргүнчү жараланды.

Орусия басма сөзүнөн берилген кабарларга караганда Нижнеангарск-Улан-Удэ каттамына чыгуу учун Нижнеангарск аэропортунан учкан АН  - 24 моделиндеги жүргүнчү учагы кыска убакыттан кийин чукул конуу үчүн аэропортко кайтты.

Конуу учурунда аянттан чыккан учак бир имаратка урунгандан кийин от алды. 40ка жакын жүргүнчү болгон учактын 2 учкучу каза болуп, 22 киши жараланды. Полиция окуя тууралуу териштирүү баштады.



Тектеш кабарлар