Кытайда сел жүрдү
Жети адамдын өмүрүн алган апааттан кеминде 110 миң адамдын таасирленгендиги белгиленди.
![Кытайда сел жүрдү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/8163/19af/a288/5cff59d97ddfb.jpg?time=1719132360)
Кытайдын түштүгүнө таасирин тийгизген катуу жамгыр жана шамалдан 7 киши көз жумду.
Синхуа агенттигинин кабарына караганда жооптуу кызматтагылар, Гуандун провинциясынын Хэюань шаарында нөшөрлөп жааган жамгыр жана шамалдан 7 кишинин каза тапканын жана 3 кишинин жаракат алганын билдиришти.
Жамгырлардын айынан сел жүрүп бир кишинин дайынсыз жоголгондугун маалымдашкан кызматкерлер, апааттан кеминде 110 миң адамдын таасирленгендигин белгилешти.
Хэюанда туруксуз аба ырайынан улам орто эсеп менен бир миң үй зыянга учураса, мектептер убактылуу жабылды.
Издөө жана куткаруу топтору аймакка жөнөтүлдү.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719132361)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719132361)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.