Жүргүнчүлөрдү ташыган кеме чөгүп кетти
Кемеде 350 киши болгон.
Конго Демократиялык Республикасынын батышындагы Май-Ндомбе көлүндө бир кеменин оодарылып кетишинен кеминде 30 киши каза болду.
Жергиликтүү басма сөздөгү кабарларга караганда өлкөнүн батышындагы Май-Ндомбе көлүндө ишембиден жекшембиге караган түнү орто эсеп менен 350 жүргүнчүнү ташыган кеме оодарылып кетти.
Бара турчу жерине 10 чакырым калганда чөгүп кеткен кемеден 183 киши куткарылса, 30 кишинин сөөгү табылды.
Жооптуу кызматкерлер издөө-куткаруу иштеринин уланып жатканын билдиришти.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.