Ливиядагы нигериляык качкындар

Мыйзам тышы жолдор менен Европага барууну каалаган нигериялык 195 качкын ыктыярдуу түрдө Ливиядан өлкөлөрүнө кайтты.

1207709
Ливиядагы нигериляык качкындар

Мыйзам тышы жолдор менен Европага барууну каалаган нигериялык 195 качкын ыктыярдуу түрдө Ливиядан өлкөлөрүнө кайтты.

Нигерия улуттук чукул башкаруу агенттигинин Лагос координатору Алхажи Идрис Мухаммед журналисттерге берген маалыматында Нигерия федералдык өкмөтү жана эл аралык миграция уюмунун кызматташуусунда нигериялык иретиз качкындардын өз каалоолору менен Ливиядан Нигерияга кайткандыгын жарыялады. Мухаммед кайткан качкындардын арасында 71 аялдын, 37 бала жана 27 бөбөктүн да бар экендигин белгиледи.

Кайткандардын арасындагы 3 кишинин ден соолугунун начар экендигин айткан Мухаммед бул качкындарга Эл аралык Качкындар Уюму тарабынан реаблитация жана кесиптик билим берилерин билдирди.

Нигерия улуттук чукул башкаруу агенттигинин кабарына караганда 2017 -  жылдан бери 8 миңден ашуун нигериялык качкын ыктыярдуу түрдө өлкөсүнө кайтты.

186  миллионго жакын калкы менен Африканын эң чоң өлкөсү болгон Нигерияда эл экономикалык кризис жана коопсуздук маселелеринен улам кыйын шарттарда жашоо үчүн күрөшүп жатат.

Өлкөнүн түндүк чыгышындагы террордук уюм Боко Харам менен коопсуздук күчтөрүнүн арасындагы кагылышуулар миллиондогон нигериялыкты үйлөрүн таштап кетүүгө мажбурлап жатат.

Европага баруу үчүн Ливия аркылуу Сахара чөлү жана Жер Ортолук деңизинен өтүүгө аракет кылгандардын кээ бирлери адам ууруларынын колуна түшүп, кээ бирлери да чөлдө же деңизде каза болууда.



Тектеш кабарлар