Кытай уйгур мечиттерин кулатууда

Кытай бийлигинин Синьцзян уйгур автоном аймагында араларында жүздөгөн жылдык мечиттер менен күмбөздөр да болгон 33 диний курулушту кулаткандыгы билдирилди.

1196888
Кытай уйгур мечиттерин кулатууда

Кытай бийлигинин Синьцзян уйгур автоном аймагында араларында жүздөгөн жылдык мечиттер менен күмбөздөр да болгон 33 диний курулушту кулаткандыгы билдирилди.

Англис Гуардиан жана ачык булак иликтөө сайты "Bellingcatтын» кабарына караганда Кытайда уйгур түрктөрүнө таандык мечиттердин кулатылгандыгы тууралуу жаңы маалыматтар билдирилди.

Спутник менен алынган көрүнүштөр, аймак тургундары жана картага түшүрүү каражаттары менен 100 мечит же күмбөз белгиленип акыркы абалы текшерилди.

Купол жана мунара сыяктуу белгилөөчү өзгөчөлүккө ээ 91 курулуштан 31 мечит жана эки чоң күмбөздүн 2016 – 2018 -  жылдары олуттуу түрдө зыян тарткандыгы белгиленди.

Өзгөчө купол же мунара сыяктуу белгилөөчү өзгөчөлүгү болбогон бирок Синьцзян уйгур автоном аймагынын тургундарынын мечит экендигин айткан 9 курулуштун да жок кылынгандыгы көрүлдү.

Тышкы иштер министрлиги Кытай мекемелеринин уйгур түрктөрүнө карата системалык ассимиляция саясатынын адамзат үчүн уялтуучу булак экендигин белгилеген.



Тектеш кабарлар