Орусияда жүргүнчү учагы аянттан чыкты

Боинг 737 моделиндеги учакта окуяда каза болгон же жаралангандардын  болбогондугу белгиленди.

1196049
Орусияда жүргүнчү учагы аянттан чыкты

Орусиянын Красноярск крайындагы Норильск шаарында бир жүргүнчү учагы аэропортко конгондон кийин аянттан чыкты.

Орус басма сөзүндө орун алган кабарга караганда Красноярск  - Норильск каттамын аткарган учак аэропортко конгондон кийин аянттан чыкты.

100гө жакын жүргүнчү болгон Нордстар аба жолуна таандык Боинг 737 моделиндеги учакта окуяда каза болгон же жаралангандардын  болбогондугу белгиленди.

Өлкөдө кечээ да Москва  - Мурманск каттамын аткарып жатып борбор шаар Москванын Шереметьево аэропортуна чукул түрдө кайткан жүргүнчү учагы аянтка конуу учурунда өрттөнүп жаткан. Учактагы 41 кишинин каза болгондугу билдирилген болчу.

 

 

 



Тектеш кабарлар